Жалал-Абад: 43 млн сомго курулган өтмөк 2,5 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтөт

Жалал-Абад шаарында төрт жыл мурда 43 млн сомго курулган жер асты өтмөгү 2 млн 495 миң сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу 31-майда «Клоопко» шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан Нагима Айтматова жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өтмөктүн тепкичтери бузулуп, дубалдары көчүп, тамчы өтө баштаган деп билдиришти.

Ошондой эле 2018-2019-жылдары курулган өтмөктүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл болгонун, бүгүнкү күндө анын мөөнөтү өтүп кеткенин айтышты. Өтмөктү оңдоо үчүн шаардык казынадан каражат бөлүнүп, тендер жарыяланган. Аны «АКА» жоопкерчилиги чектелген коому 2 млн 495 миң сомго утуп алган.

«Бул каражатка өтмөктүн тепкичтери жаңыланып, дубалдары, суу тамган шыбы заманбап болуп жаңыланат. Аны менен бирге өтмөктүн үстүнөн суу өткөн лоток да жаңыланып, жаан-чачында суу өтпөш үчүн оңдолот», — деп билдирди Курулуш жана коммуникация маселелери боюнча вице-мэр Айбек Жолдошев.

2018-жылдын сентябрында Жалал-Абад шаарында алгачкы жер өтмөгүнүн ачылышы болуп өткөн. Анын курулушуна 12 млн 800 миң сом сарпталган. Мэрия өтмөк унаа тыгындарын азайтат деп билдирген.

2019-жылы өтмөктү кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, 21 млн сомго жарыяланган тендерди аны курган «Сафари» компаниясы кайрадан утуп алган.

Жер асты өтмөгүндө 36 соода күркөсү бар. Соодагерлер шаардык казынага ай сайын жалпы 215 миң 874 сом ижара акы төлөп келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Жалал-Абадда алгачкы жер алдындагы өтмөк (өтө салтанаттуу) ачылды

Жалал-Абад мэриясы жер өтмөктүн капталын бузуп, аны кеңейтүүдө

Жалал-Абад: Жер асты өтмөгүндөгү пандустар талапка жооп бербейт