Балдарга «зыян» маалыматты жарыялоону тыйган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-июндагы жыйында балдардын ден соолугуна жана өсүүсүнө зыян тийгизген ачык колдонуудагы маалыматтарды көзөмөлдөөнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Андай маалыматтарды жарыялоо үчүн штраф салуу сунушталып жатат.

Мыйзам долбоору көпкө деле талкууланган жок, парламентарийлердин басымдуу бөлүгү документти кабыл алуу сунушун колдоп беришти.

Мыйзам долбоору кантип кабыл алынды?

Аталган мыйзам долбооруна депутат Дастан Бекешев каршы чыкты. Анын пикиринде, демилге интернетте цензура киргизет.

«Бул мыйзам долбоору менен силер жоопкерчиликти милиция менен Маданият министрлигине оодарып жатасыңар. Маалымат деле жем да. Ата-эне эмне жакшы, эмне жаман, эмнени жесе болот, эмнени жегенге болбойт экенин түшүндүрүшү керек да. Биз болсо кайсыл бир маалымат жаман болсо милици жазалайт деп жатабыз», — деп билдирди Бекешев.

Ал карапайым элдин же чыгармачыл адамдардын соцтүйүндөргө жазгандарына тыюу салынып калат деп эсептейт.

«Бирок бизде китеп жазып, кино тарткандар, ЖМК, сторис же тикток тарткандар жарандар дагы бул мыйзамдын чектөөсүнө илинип калат. Балага кайсыл маалымат зыян же зыян эмес экенин милиционер аныктап калат. [...] Бул морализатордук мыйзам долбоор, бирок ал ураалагандардын кол чабуусу менен өтүп кетет, ошондо Кыргызстаныбыз Ооганстанга айланып калат», — деп билдирди Бекешев.

Бирок депутаттын айрым кесиптештери анын айткандарына каршы чыгышты. Депутат Шайлообек Атазовдун пикиринде, мыйзам долбоору «кыргыз улуту» үчүн керек. Анын айтымында, азыркы учурда жаш кыргызстандыктарды «психологияларынын бузулушунан» сактап калыш керек.

Мыйзам долбоорун Балбак Түлөбаев дагы колдоп, Кыргызстанда улуттук баалулуктар дүйнөнүкүнөн башкача экенин белгиледи. Анын пикиринде, көзөмөлдүн жоктугунан интернетке жаман уят маалыматтар чыгып кетүүдө.

«Биздин баалулуктарыбызды оңдой турган мыйзам келип атса эмне үчүн биз башка өлкөлөрдү карашыбыз керек? Балдырыбыздын ит-акмагын чыгарып, көрүнгөн жерде чыгарып атат. Кыргызды, улутту, динди, намысыбызды тебелеп көрүнгөндү сүйлөп атат. Буга эч кандай реакция жок. Биз болду убакыт деп атабыз да. Бул мыйзам бир жакшы башталгыч болот. Балдарды коргоодо ата-энелердин эле эмес, коомдун ролу дагы чоң болушу керек», — деди ал.

Ал эми депутат Жанар Акаев ордун эч нерсе сунуштабай эле баарына тыюу сала берген болбостугун белгиледи. Ал дегеле мыйзамдын иштеп кетерине күмөнүн билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн 79 депутат макулдугун берип, бир депутат каршы чыкты.

Балдар үчүн «зыяндуу» маалыматты жарыялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун депутат Жамиля Исаева демилгелеген. Демилге үстүбүздөгү жылдын март айынын этегинде коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоорунда «жашы жете электерге зыян тийгизген маалыматты таркатуу үчүн» жарандарга 2 миңден 25 миң сомго чейин штраф салуу сунушталган.

Тема боюнча: Парламентте «балдарга зыян келтирүүчү маалымат тараткандарды» айыпка жыгуу сунушталды

Башкы сүрөт: Рixabay / Vidmir Raic.