Бийлик бул трагедиядан сабак алышы керек — Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясы тууралуу

10-июнда президент Садыр Жапаров июнь коогалаңынын 13 жылдыгына карата билдирүү жасады. Ал бийлик «бул трагедиядан сабак алып, туура жыйынтык чыгарып, элдин ынтымагын чыңдоо маселеси ар дайым көңүл борборунда болушу керектигин аңдап-билиши абзел» деп билдирди.

«Биз кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз, июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты сактоо зарылдыгын эскертип турат. Мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь трагедиясы баарыбыз үчүн чоң сабак болушу керек», — деди ал.

Ошондой эле ал июнь окуясы «мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары эсте калганын» айтып, анда каза болгон мекендештерди «терең кайгыруу менен эскеребиз» деп белгиледи. 

«Кыргызстандын калкынан айланса болот. Ошол оор кырдаалда элибиз элдигин көрсөтүп, курчуп бараткан абалды туура баамдап, кара санатай күчтөрдүн жетеги менен кетпей, кылымдардан бери жуурулушуп жашап келген ынтымагын сактап калды», — деди өлкө башчысы. 

2010-жылдагы этникалык жаңжал 

2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Жалпысынан өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 426 адам каза таап, миңден ашык адам жарадар болгон, ал эми материалдык чыгым 2,2 млрд долларга чукулдаган. 

Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча 5 642 кылмыш ишин козгогон. Алардын эң көбү «Уурдоо», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу», «Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу» жана «Киши өлтүрүү» беренелери менен катталган.

Аталган кылмыштардын 360ынын гана бети ачылган — бул жалпы кылмыштардын 6,3 пайызын түзөт. Жалпысынан 511 кишиге айып тагылган. Ал эми 3919 кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башкы кылмыш иштери менен өндүрүштө турат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров УКМКга 2010-жылдын июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды