Эл берген мандатты тартып алууга эч кимдин укугу жок — Бакиров соттун чечимине каршы даттанат

Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңеште ант берип жатат.

9-июнда депутат Өмүрбек Бакиров Бишкектин административдик сотунун Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими боюнча пикирин билдирди. Ал соттун өкүмүн «акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим» деп эсептейт.

«Бул шаардык администрадивдик соттун чечимине мен макул эмесмин. Мен адилеттүүлүк жеңет деп ишенет, мыйзамдуулук орнойт деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып койуга укугу жок», — деди ал.

Ошондой эле депутат административдик соттун чечимине каршы андан кийинки инстанцияга даттанарын кошумчалады.

7-июнда Бишкектин административдик соту Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Аны менен катар, сот БШКнын Көк-Жар округу боюнча депутат болуп тандалган Бакировго тиешелүү токтомун да мыйзамсыз деп тапкан.

Өткөн жылдын аягында Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.

«Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек [бул мөөнөттөн ашык эмес]. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. [...] Бул парламентке болгон кысым», — деген ал.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды