Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов өз каалоосу менен иштен кетти

Фархад Бекманбетов.

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов өз каалоосу менен иштен кетүү туралуу арыз берди. Маалыматты «Клоопко» 10-июнда маданият министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева тастыктады.

Анын айтымында, министрлик Бекманбетовдун иштен кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Азырынча анын ордуна ким жетекчи болуп дайындалат белгисиз.

47 жаштагы Фархад Бекманбетов цирктеги жаныбарлардын кароосуз калганы жана жумушчулар үчүн шарттар түзүлбөгөнү тууралуу чуудан кийин арыз берди. Бекманбетов циркти төрт жыл жетектеди — ал бул кызматка 2019-жылдын январында дайындалган.

Бекманбетов 2006-жылы «Айтыш фильм» киностудиясында продюсер, 2008-жылы «Айтыш» коомдук фондунда директор болуп эмгектенген. 2016-жылдан 2017-жылга дейре маданият министринин орун басары болуп иштеген.

Кыргыз циркиндеги чуу

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде мамлекеттик цирктин артисти Асланайым Аширова мекемедеги жаныбарлар кароосуз калганын айтып чыккан. Ал жаныбарлар «цирктин короосунда кызматкерлер менен артисттерге кол салышы ыктымал экенин» белгилеген.

Ошондой эле Аширова буга чейин цирктин директору мекеменин короосунда көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келгенин билдирген. Анын айткандарын цирктин мурдагы көркөм жетекчиси, гимнаст жана жаачы Аида Акматова дагы ырастаган.

Ал эми цирктин директору Фархад Бекманбетов мекеменин жаныбарлары кароосуз, ачка калууда деген маалыматты төгүндөгөн. Ал Ашированы «провокатор» деп атаган.

Көп өтпөй Цирктеги маселенин фонунда депутат Жанар Акаев Кыргызстандагы «зоопарктарды жабууну жана жаныбарларды цирктеги оюн-зоокторго катыштырууга тыюу салууну» сунуштаган. Бирок парламент анын долбоорун «актуалдуу эмес» деген жүйө менен четке каккан.

Кийинчерээк цирктин абалы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин «Социал-Демократтар» партиясы прокурор менен маданият министрине билдирүү жолдогон. Алар мекемени текшерүүнү, циркке кызматына төп келген жетекчи дайындоону жана ал жерде иштегендерге шарт түзүп берүүнү талап кылышкан.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлсө, ал эми анын Бишкек шаарындагы имараты 1976-жылы пайдаланууга берилген. Анда 130дай киши иштейт, анын 40ка жакынын чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жуулбаган, таштандыдан тамак жейт». Кыргыз мамлекеттик циркте жаныбарлар кароосуз калганы айтылууда