Сот Дамира Ниязалиеванын БШКнын чечими боюнча берген арызын четке какты

Бишкектин административдик соту Ленин райондук округунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын БШКнын чечимине каршы берген арызын четке какты. Маалыматты «Клоопко» 10-июнда шаардык соттон тастыкташты.

5-июнда Боршайком Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген болчу.

БШКнын жыйынында Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбаев талапкер тарабынан добуш сатып алуу фактысы далилденгенин билдирген.

Ленин окуругундагы шайлоо жана добуш сатып алуу

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгында Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон — ага 6 242 шайлоочу добуш берген.

Эртеси күнү Ниязалиевага кылмыш иши козголуп, шайлоо штабы мөөр басылып жабылган. Ага 29-майда Ниязалиеванын үгүтчүлөрдүн бири менен телефондо сүйлөшүүсү делген аудионун тараганы себеп болгон. Анда добуш сатып алуу тууралуу сөз болгон.

Дамира Ниязалиева болсо айланасындагы окуяларды «атаандаштардын каралоосу» деп баалаган.

«Аудио боюнча ал мен эмесмин, ал монтаж. Мага басым, алган добуштарымды жокко чыгаруу аракети болуп жатат. Бул аракеттер менин атаандаштарым тарабынан болуп жатат деп ойлойм», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

БШК Дамира Ниязалиеванын талапкер катары каттоосун жокко чыгарды