«Коомдон бөлбөй эле оңолот». Сот эки жаштагы Егорду кордогон кишини бошотту

Жогорку сот 13-июнда эки жаштагы Егорду кордоого айыпталган Александр Самаркинге карата буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды. Мурдараак биринчи жана экинчи инстанциянын соттору аны күнөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарышкан болчу.

Бирок Жогорку сот эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарып, Самаркинди эки жылдык пробациялык көзөмөлгө алууну чечип, боштондукка чыгарды.

«[Мындай чечим] иштеги жагдайларды, айыпталуучунун өздүгүн эске алып, соттор колегиясы ал коомдон бөлбөй эле оңоло алат деген тыянакка келгендиктен кабыл алынды, — деп түшүндүрүштү Жогорку соттон.

Александр Самаркин сотто. Сүрөт: AKIpress.

Эки жаштагы Егордун кордолушу

Баланын сабалганы тууралуу 2022-жылдын 3-февралында белгилүү болгон. Анда милициядан денесине оор жаракат алган бала ооруканага жетирилгенин кабарлашкан.

Буту-колу күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Баланын энеси уулун аларга иш берген киши сабаганын айтып берген. Кийинчээрек наристени ооруканада багып жаткан атасы Николай Кемалетдинов «Азаттык үналгысына» маек куруп, ал өзү жалданып иштеген мал-чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан.

Баланын ата-энеси алардын уулун сабаган кишиникинде мал-жанын карап иштеп жүрүшкөнүн, алар ага карыз болуп калышканын айтып берген.

Эки жашар баланы сабоого шектелген 35 жаштагы мал-чарбанын ээси тергөө аяктаганча камакка алынган. Көп өтпөй баланын апасы көрсөтмөсүн өзгөртүп, шектүүнүн күнөөсү жоктугун, дем алыш күндөрү балдарды атасына калтырып жүргөнүн билдирген.

7-февралдагы маалымат жыйында акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков бала буга чейин 19-январда дагы кулагынын кемирчеги сынып ооруканага түшкөнүн билдирген. Ошол убакта, Азарбековдун билдиришинче, «дарыгерлерге бала жыгылып кеткен» деп айтылган.

10-февралда ур-токмокко алынган бала дарыланып жаткан Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акыл Маманов Егордун абалы туруктуу экенин маалымдаган.

Арадан төрт күн өткөндөн кийин эки жаштагы Егордун апасы менен атасынын ата-энелик укугу чектелгени белгилүү болгон.

Атайын комиссия наристенин ата-энесин жана чоң энесин угуп, баланы жана анын төрт жаштагы эжесин (тергөө убагында) убактылуу чоң энесинин карамагына берүүнү чечкен.