Президент «погончон кылмышкер» жана коррупционерлерди — мекен саткындары деп атады

Президент Садыр Жапаров 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында бардык мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кайрылуу жасады. Ал пара опузалап, коррупция менен алектенип же башка кылмыштарды жасап жаткандар менен күрөш уланарын белгиледи.

Мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын арасында «погончон кылмышкерлер» бар экенин эске салды.

«Мындайлар аныкталып, жолу торолуп, бөгөт коюлуп, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынууда. Мындай күрөш жеке эле аскер кызматкерлеринин арасында эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокуратура, Улуттук коопсуздук, бажы жана башка органдардын кызматкерлеринин арасында дагы жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилеп айткым келет. Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун алар улуттук коопсуздугубузга доо кетирип, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болуп эсептелет. Андайларды биз кечирбейбиз. Алар мамлекеттин каарын жон терилери менен сезиши керек. Аскер кызматкери же чиновник болобу, же укук коргоо, атайын органдардын кызматкерлери болобу, биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо, эң катаал жазага тартылат. Дагы бир жолу кайталаймын, андай ата мекендин чыккынчыларына эч кандай кечирим болбойт», — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, мамлекеттин мүлкү, казынасы жана каражаты 33 жылдан бери ар кандай жолдор менен уурдалып, тонолуп келген, ошондуктан мамлекет алдыга жылбай, өнүгө албаган акыбалга жеткен.

«Мындан ары буга жол бербегенге болгон күчүбүздү жумшайбыз. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга мыйзамдуу жолдорун табабыз же болбосо жаңы мыйзамдарды кабыл алабызбы, биз ошол жолдорго бара жатабыз», — деди ал.

Бийлик өлкөдөгү коррупцияны оору деп атап, аны менен күрөш этап-этабы менен жүрүп жатканын көп эле айтып келет.

Жылдын башында коррупциянын деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 2022-жылга карата Коррупцияны кабылдоо боюнча жылдык отчётун жарыялаган, Кыргызстан рейтингде 2021-жылдагыдай эле 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген. Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегендик.

Уюмдагылар «өлкө акырындык менен авторитаризмди көздөй баратканын» жана «мындан улам тең салмактуулук системасы алсырап, бийлигине чиренгендердин жазасыз калуу жана кыянаттыктары үчүн мүмкүнчүлүктөр кыйла кеңейип жатат» деп белгилешкен.

Тема боюнча окуңуз: «Менин убактым өтө аз калды». Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын эскертти

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн кирешени эки эсе ашырып айткан