Ташиев Жалал-Абадда чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 14-июнда Жалал-Абадда чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Region TV телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

Чек арачылар үчүн курулган эки кабаттуу үйдүн 20 батири, жанында балдар ойногон аянтча, спортзалы, футбол аянтчасы жана башка керектүү шарттары бар.

Ташиев батирлердин ачкычын тапшырып жатып, бийлик жаңы куралдарды сатып алып, аскер кызматкерлери үчүн жакшы шарттарды түзүү менен өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдеп жатканын айтты. Ал бийлик бул ишти улантаарын дагы кошумчалады.

Чек ара кызматы УКМКнын алдында иштейт. Бийлик күч кызматкерлерине үйлөрдү жана түзүмдөрү үчүн имараттарды куруп келет.

Былтыр сентябрь айынын башында Ташиев өлкө боюнча УКМК үчүн 50гө жакын жаңы имарат курулганын билдирген. Бирок андан бери бийлик УКМК жана Чек ара кызматына деп бир катар объектилерди ачкан.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Ташиев УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салган.