Укук коргоочулар маркум Азимжан Аскаровдун жакындарына кенемте төлөөнү талап кылышты

Азимжан Аскаров

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму 14-июнда маркум укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча билдирүү таратты. Алар 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин бир нече оор беренелер боюнча соттолгон Аскаровду актап, анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү талап кылышты.

Так 13 жыл мурда — 2010-жылдын 15-июнунда укук коргоочу Азимжан Аскаров камакка алынган. Улуттук жана эл аралык уюмдар Аскаровдун камалышын анын 2010-жылдын июнундагы кандуу окуяда каза болгондор, жарадар болгондор жана талап-тоноочулук фактыларын топтоп, документтештиргенине байланыштырып келишет.

«Бир Дүйнө — Кыргызстандан» Аскаров абакта жылдар бою кыйноого алынып, анын кесепети укук коргоочунун өлүмүнө алып келгенин белгилешти. Мындан улам укук коргоочулар кргыз бийлигин Аскаровду актоого жана анын үй-бүлөсүнө татыктуу кенемте төлөп берүүгө чакырышты.

Аскаровдун өлүмү

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда Бишкектеги №47 түзөтүү абагында көз жумган. Аскаров 69 жашта болчу, каза болор алдында анын ден соолугу бир топ начарлап кеткен. Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу пневмониянын шартында өрчүгөн курч дем алуу жетишсиздиги себеп болгон.

Адвокат укук коргоочуну ооруканага жаткырууну талап кылганына карабастан бийлик Аскаровду ЖАКтын борбордук ооруканасы жайгашкан 47-колонияга которуу менен гана чектелген.

Укук коргоочунун өлүм фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийин ЖАКтын тергөөчүсү кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу ишти токтоткон. Бул чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту мыйзамдуу деп тапкан. Мындан улам «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку сотко аппеляция беришкен. Эки сот тең Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча иштин токтотулганын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.

Жаңы иликтөөнү кайрадан ЖАК колго ала турган болгон, бирок «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары буга каршы чыгышкан.

Адвокаттар мекеме кылмыш ишинин токтотулушуна кызыктар жана аны бейтарап иликтей албайт деп айтышкан. Алар ишти УКМКга өткөрүүнү, ошондой эле Башкы прокуратурадан укук коргоочунун өлүмүн иликтөө ишинен ЖАКтын тергөөчүсүн четтетүүнү суранышкан. Ал эми 2021-жылдын сентябрында Азимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтей турганы белгилүү болгон. Иш кандай жүрүп жатканы алигиче белгисиз.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын белгилүү укук коргоочуларынын бири — өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөргөн. Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармалган.

Укук коргоочуга «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышуу» айыптары тагылган. Андан кийин 2010-жылдын сентябрында сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан, бирок укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча бир катар карама-каршылыктар байкалган — укук коргоочу негизинен милициянын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолгон. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынгандыгын жана укук коргоочуга каршы сот иши адилетсиз болгонун айткан.

Укук коргоочулар Аскаровго карата куугунтуктоо ал милиция тарабынан жасалган кыйноо фактыларын иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган.

2016-жылы БУУнун комитети кыргыз бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, камактан бошотууну талап кылган, бирок ,бийлик аны ишке ашырган эмес. Сотто анын иши кайра каралганы менен өкүм мурдагы бойдон эле калган.

«Бир дүйнө» укук коргоочу уюму 2021-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Аскаровду өлүмүнөн кийин актоону өтүнүшкөн.

Тема боюнча: Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөө уланат