«7 млн сом зыян». Сокулукта 13 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандар кармалды

Чүйдүн Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылынын тургуну жана Турак жай, коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси жерлерди мыйзамсыз менчиктештирип алууга шектелип кармалды. Бул тууралу 16-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр документтерди жасалмалап, 13 гектардан ашык жерди мекчиктештирип алуу менен мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМК.

Бул боюнча «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери менен иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда милиция бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш алып барууда.

Мамлекеттик кызматкерлердин же мурдагы аткаминерлердин айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууга шектелип кармалган учурлары буга чейин да катталган.

Өткөн жылдын апрель айында Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта акыркы жылдары өлкө мыйзамдарын бузуу менен участокторду, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн өзүм билемдик менен ээлеп алган, өзүнө тиешелүү аймакты кеңейтип алган учурлар көп кездешип жатканы белгиленген.

Мыйзам бузгандарга ИИМ чара көрөрү, ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бекитилип берилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Жарандык кодекске ылайык ыкчам карай турганы айтылган.

Автору: Айжамал Бексултанова

Тема боюнча:

Президент Жапаров жер басып алууга каршы жарлыкка кол койду