Кыргыз футбол бирлиги «Азатыкка» оюндарды чагылдырууга уруксат берген жок

Кыргыз футбол бирлиги Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдешин чагылдыруу боюнча «Азаттыкка» берген аккредитациясын чакыртып алды. Бул тууралуу 15-июнда басылмадан маалымдашты.

Футбол бирлигинин «Азатыкка» жиберген билдирүүсүндө мындай чечимге Маданият министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөө боюнча өткөн жылдын 26-октябрындагы жана 23-декабрындагы чечимдери негиз болгону айтылат.

«Футбол бирлиги Кыргызстандын аймагында масштабдуу спорттук иш-чараларды уюштурганда мыйзамдын жана өлкөнүн укуктук мейкиндигинин чегинде иш жүргүзөт. Бирлик мамлекеттик органдардын кабыл алган чечимдерин тааныбай кое албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин Борбор Азиянын футбол ассоциациясы уюштурган «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдешинин тайпалык оюндары өтүүдө. 

10-июнда Кыргызстан В тайпасында Ооганстандын курамасы менен беттешип, жеңген. Бир күн мурда Кыргызстан футбол бирлиги «Азаттыкка» оюнду чагылдырууга уруксат берип, басылма расмий тастыктама алган.

Бүгүн, 16-июнда Кыргызстан курамасы Ирандын командасы менен беттешет. Оюн саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.

Былтыр октябрда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» сайтын жана банктагы эсебин бөгөттөгөн. Быйыл 27-апрелде сот «Азаттыкты» ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча министрликтин доо арызын канааттандырган. Учурда басылманын доо арызы сотто каралууда.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бул чыгарылыш «Азаттыктын» сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөөгө негиз болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш «Азаттыктын» журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту