Жогорку Кеңеш «Азаттыктын» журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Сүрөт: «Азаттык»

17-ноябрдан тарта Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине аккредитациялык ырастамаларды берүүнү токтотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда мындай чечимди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу экенин түшүндүрүшкөн.

Аккредитациялык ырастамалар журналисттерге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырыш үчүн парламенттин маалымат кызматы тарабынан берилет. Аны менен парламенттин имаратына тоскоолдуксуз кирип-чыгууга болот.

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Ошондой эле «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби 31-октябрда бөгөттөлгөн. Бул тууралуу банктан банктык эсеп мыйзамга ылайык токтотулганын билдиришкен.

Ал эми Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү басылманын бөгөттөлүшүнө кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финчалгын «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө себебин түшүндүрдү

«Азаттыктын» банктык эсеби мыйзамга ылайык бөгөттөлгөн — «Демирбанк»

Сөз эркиндигине басым күчөдү. Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрү президентке кайрылышты