Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков үй камагына чыгарылды

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот Разаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди 16-июнда кабыл алган. Чечимге ылайык, Разаков 2023-жылдын 24-июнуна чейин үй камагында болот.

Соттон Разаковдун баш коргоо чарасы ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде өзгөртүлгөнүн белгилешти.

Жеңиш Разаковдун кармалганы январдын аягында белгилүү болгон. ИИМден ал «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча шектелип кармалганын билдиришкен.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Разаков 2017-жылдын ноябрында ишкердин ишенимине кирип, кызмат абалынан пайдалануу менен, ишкердик жүргүзөбүз деп анын 1млн АКШ долларына ээ болуп алган. Экс-чиновкник 27-январда Бишкекттин №1 тергөө изоляторуна киргизилген.