«Шайтандын досу!» Моргенштернди Бишкекке келтирбегендер кимдер?

Орусиялык рэп-аткаруучу Моргенштерн 23-июнда Бишкекте Alga Fest фестивалына катышмак. Бирок, 16-июнда, парламенттин бир нече депутаты рэпердин келишине каршы чыгып, Маданият министрлиги артисттин номерин алып салууга жетишти.

«Клооп» Моргенштерндин Бишкекке келбешин талап кылып, диний тематикадагы контентти жарыялаган активисттер менен блогерлерди аныктады. Алар орус рэперин «шайтандын досу» деп атап, катталуучуларын Моргенштернди Кыргызстанга «келтирбөөгө» үндөшкөн.

Азамат Арыковдун Instagram барагына жарыяланган сүрөт.

«Шайтандын досу»

Моргенштердин келээри тууралуу биринчилерден болуп буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген активист Акжолтой Тукунов кайрылуу жасаган. Тукунов кызматта турганда дүкөндөрдүн бирине барып, кызматкерлер аны кабыл албай узатып койгону менен элдин эсинде калган. Ал эми кызматка келгенге чейин соцтүйүндөрдө түрдүү окуялар боюнча пикирин билдирип келген, анын ичинде Кыргызстанда казинону легалдаштырууга да каршы чыккан.

Ал Моргенштерн тууралуу 14-июндан бери үч кайрылуу жарыялап, анда рэперди баңгизатты пропаганда кылууга айыптаган. Ошондой эле «шайтандын досу» деп атап, аткаруучунун чыгармачылыгы «кыргыз элинин салтына карама-каршы келет» деп айткан.

Акжолтой Тукунов. Amanat Media’нын видеосунан скриншот.

«Кыргызстан — бул ар бирибиздин үйүбүз. Биз шайтандын досу үйүбүзгө киришине каршы туралы. Комментарийге [Моргенштерндин келишине] каршыбыз деп жазыңыздар. Ким кайсы депутатты же активистти тааныса барыңар кайрылгыла», — деп кайрылуу жасаган ал.

Тукуновдун катталуучулары бул маселеге депутаттардын көңүлүн чын эле бура алгандай. Анткени профилдик комитеттин 16-июндагы жыйынында депутаттар Алишер Козуев менен Шайлообек Атазов Маданият министрлигин Моргенштердин Бишкектеги концертин өткөрбөөгө чакырган. Алар орусиялык рэперди «шайтанга окшоп денесинин баарына татуировка кылып» алган деп, ал жаштарга «терс таасирин тийгизип жатат» деп билдиришкен.

«Жаштардын психологиясын бузат»

Тукуновдун кайрылуусунан кийин Моргенштерндин Бишкекке келишине актёр жана режиссёр Азамат Арыков, ошондой эле блогер Мунарбек Сапаралиев да каршы чыккан. Экөөнүн инстаграмда жалпы 150 миңдей катталуучусу бар.

Арыков өз кайрылуусунда Моргенштерндин эң негизги «күнөөсү» — «зынакорлукту (никесиз жыныстык катнашка барууну) пропаганда кылганы» деп айткан.

«Бир эле интервьюсунда канча кыз менен [жыныстык катнашта болдуң] десе, аз эле 200-300 дейт да. Эми элестеткиле ошондой адамды!» — деген ал.

Ал эми соцтүйүндөгү барагына диний контентти жарыялап, жаңылыктарга реакция кылып, тур агенттиктерин жана түрдүү курстарды жарнамалап жүргөн Сапаралиев катталуучуларын Моргенштерндин келишине «реакция кылууга» чакырган.

«Биз — кыргыз жаштары — мунун келип кетүүсүнө каршы пикирибизди айтабыз. Себеп дегенде булар өз жүрүм-турумдары менен биздин жаштардын психологиясын бузуп коёт. Алардын баскан-турганы биздин үрп-адатыбызга, каада-салтыбызга, менталитетибизге, маданиятыбызга да такыр дал келбейт», — деп, ал мечиттин алдында ондогон жаштардын алдында туруп кайрылуу жасаган.

Блогер Мунарбек Сапаралиевдин кайрылуусу. Amanat Media’нын видеосунан скриншот.

15-июндан тарта Моргенштерндин инстаграмдагы соңку постторунун алдына кыргызстандык колдонуучулар рэпердин өлкөгө келбешин талап кылган комментарийлерди массалык түрдө калтыра башташкан. А түгүл айрым комментарийлерде күч колдонулары айтылган коркутуулар болгон.

Бийлик эмне кылды?

17-июнга караган түнү уюштуруучулар Маданият министрлигинин талабына ылайык, Alga Fest орус рэперисиз өтөрүн билдиришкен. Алар бул боюнча маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун колу коюлган катты жарыялашкан.

«Министрлик маданият тармагындагы иштерди өнүктүрүү укугунун чегинде коомдук аң-сезимге карама-каршы келген маданий иш-чараларды өткөрүүгө каршы (министрликтен Кыргызстандын коомчулугунда чынында эле жамааттык аң-сезим бар же жок экенин такташкан эмес— ред.), ал эми орусиялык артист А.Т. Моргенштерн жана башка аристтердин аткаруусундагы чыгармалары элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына карама-каршы келет (ошондой эле мында да Кыргызстандын бардык эли чындап эле бирдей моралдык жана этикалык баалуулуктарга ээ экенин такташкан эмес— ред.)», — деп айтылат ведомствонун катында.

Маданият министрлигинин Alga Fest’тин уюштуруучуларына жиберген каты.

Ошондой эле фестивалдын уюштуруучулары апта ичинде артисттин жана уюмдун дарегине коркутуулар болуп жатканын билдиришкен.

«Бизге чет элдик артисттердин келиши абдан маанилүү жана өлкөдө концерттик ишмердүүлүк маданиятын өнүктүрүшүбүз керек. Биз мунун бизге эч ким келбей турган окуя болуп калышын каалабайбыз», — деп кошумчалашты алар.

Баланска 1000 сом

Моргенштерн фестивалга катышпай турганы белгилүү болгондон кийин Акжолтой Тукунов фейсбукка видео жүктөп, анда катталуучулары менен депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал «өзүнүн Алишер Моргенштерн менен болгон эр сайышы» тууралуу мыкты ыр жазган адамга 1000 бирдик салып берүүнү убада кылды.

Алишер Моргенштерн. Сүрөт: Рэпердин телеграм каналы.

Алишер Моргенштерн — орусиялык артист жана рэп-аткаруучу. Ал 2021-жылдын күз айынан бери Орусиянын чегинен тышкары жашайт. Мекенинде ал «чет элдик агент» деп таанылган, ал эми Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин рэперди соцтүйүндөр аркылуу баңгизат сатууга айыптаган.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан көп өтпөй, Моргенштерн согушка каршы пикирин билдирген «12» деген клибин чыгарган. Видео Моргенштерн менен иштеген Одессалык музыканттын апасынын аудио билдирүүсү менен аяктайт — анда ал аткылоодон улам үйүнүн чатыры учуп кете жаздаганын жана ал жер төлөөдө отурганын айтып берген.

«Ал украин. А мен орус. Биз музыканы бүткүл дүйнө үчүн бирге жасайбыз. Биз тынчтыкты, достукту каалайбыз», — деген сөздөр менен аяктайт клип.

Буга чейин Бишкекте «Порнофильм» панк-тобу менен «Би-2» рок-тобунун согушка каршы концерттери да токтотулган. «Порнофильмдин» музыканттарынын айтымында, кыргызстандын күч түзүмдөрү концерт өтө турган клубга келип, уюштуруучуларды коркутуп кетишкен. Ал эми «Би-2» тобунун концерти эмне себептен токтотулганы белгисиз.