MegaCom’дун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды

Азат Базаркулов

«Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов компания тарабынан өткөрүлгөн тендерлерди махинациялоого жана мамлекетке миллиондогон зыян келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 27-июнда УКМКдан билдиришти.

Базаркулов компанияны эки жолу — 2012-жылдан 2018-жылга чейин жана 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын сентябрына чейин жетектеген.

Маалыматка ылайык, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала келишип, жеңилдетилген шарттарды даярдоо менен тендерлерди утуп чыгууга көмөк көрсөтүп келишкени аныкталды. 

Натыйжада «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын кесепетинен мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени белгилүү болду.

Аталган фактылар боюнча кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Өткөн жылы март айында «Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов дагы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган. Ал компанияны 2018-2020-жылдары жетектеген. Жамангулов ошол эле жылы үй камагына чыгарылган

Мамлекет 2014-жылдан бери «Альфа Телеком» компаниясынын уставдык капиталынын 100%дык үлүшүнө ээлик кылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

MegaCom’дун башкы директору: Абоненттердин маалыматы укук коргоо органдарына берилбейт