Президент Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берди

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан 4-июлда кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга анын «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкты аткаруудагы «кемчиликтери» себеп болгон. 

«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген», — деп айтылат маалыматта. 

Садыр Жапаров 2022-жылы «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Жаңы түзөтүүдө мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолорду (дубалдарды, торлорду, темир тосмолорду) бузууну, ошондой эле мындан ары жаңысын курууга тыюу салууну тапшырган.

Президенттин жарлыгы чыккандан кийин ЖМКда пансионаттардагы коттеждердин жана башка объектилердин ээлеринин кайрылуулары пайда болгон. Алар пансионаттардын баары пляждардан тосмолорду алууга милдеттендирилгенине нааразы болушкан. 

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев президенттин жарлыгы «эки анжы ой» калтырарын айткан. Эл өкүлү мындан улам пансионат ээлери пляждын тазалыгын жакшы карабай калышы мүмкүн деп эсептейт. Мындан тышкары, ал бул маселеде тандалмалык болбошу керек деп белгилеген. 

20-июнга карата Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын тосмолорунун 90%ы алынган.

Башкы беттеги сүрөт: Akipress

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун 90%ы алынды