Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи оңдоп-түзөө жана тазалоо иштерине байланыштуу 5-июлдан 28-августка чейин жабылды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Ал эми Үңкүр музейи учурда ачык, ал саат 09:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин ачык болот.