Түркияда изделип жаткан 20 жаштагы кыз аман-эсен табылды

Түркияда изделип жаткан 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратова түрк полициясы тарабынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу 5-июлда Түркиядагы элчиликтен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, Шамуратова Стамбул шаарынын Кадыкөй районунда табылган. Ал жакын арада туугандарына өткөрүлүп берилет. 

Кыз 22-июндан бери дайынсыз болуп келген. Анын апасы чоң шаарды жөө кыдырып жүргөнүн, кыз апасына акыркы жолу соцтармактагы башка аккаунттан көмөк сурап байланышканын «МедиаХаб» билдирген.

Шамуратова жоголгон күнү адегенде Стамбулга учуп, андан ары Болгарияга автобус менен кетмей болгону айтылган. 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк тарапка ыкчам жана натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн тыгыз байланыштын маанисин баса белгиледи.

Буга чейин Түркиянын Ички иштер министри Мехмет Акташ кыргызстандык жарандарды издөөгө байланышкан иштер жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркияда 20 жаштагы кыргызстандык кыз изделип жатат