«Бишкексууканал»: Арча-Бешикте суу тартыштыгынын маселеси чечилди

«Бишкексууканал» ишканасы Арча-Бешик конушунда көйгөйгө айланган суу тартыштыгынын маселеси чечилгенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» ишкананын басма сөз катчысы Эрлан Тимуровго таянып жазды.

Бул маалыматты «Клоопко» Арча-Бешик конушунун тургундары дагы тастыкташты.

«Арча-Бешик кечээтен тартып суу менен күнү-түнү камсыздалууда. Себеби жер астындагы суунун деңгээли жогорулоодо, эл арасында сууну сарамжал пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери натыйжасын берүүдө, мөңгүлөр эрип, карасаңыз, Малдыбаев каналында, Аламүдүн дарыясында баарында суу бар», — деди Тимуров.

Суу тартыштыгы

Бишкек жана Чүй облусунда борбор калаада ысык суу өчүрүлүп, күн ысып баштагандан кийин суу тартыш боло баштаган. Калаанын айрым конуштары, анын ичинде Арча-Бешик конушу бир канча күн таза суусуз калган. Мындан улам, жергиликтүү тургундар митингдерге чыгып, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышкан.

Мэриянын чиновниктери Бишкекте суу тартыштык маселесин чечүүгө 500 млн сомго чукул каражат керектигин айтышкан. Ал эми парламент комитети бул маселени чечүүгө 150 млн сом бөлүү чечимин колдогон. Анткен менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жана Чүйдө таза суу көйгөйүн эки-үч жылда гана чечилерин билдирген.

Бишкек мэриясы июндун ортосунда шаардын кургак жана суусу аз аймактарын суу менен камсыздоо үчүн алты жаңы скважинаны бургулоо ишин баштаган.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле муниципалитет жарандарды таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.