Дагы эки депутат «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорунан баш тартты

Айгүл Айдарова жана Нурбек Алимбеков

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Алимбеков жана Айгүл Айдарова Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча демилгесин кайтарып алды. Бул тууралуу 5-июлда Жогорку Кеңештин сайтында белгилүү болду.

19-майда «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору каттоодон өткөндөн бери демилгечилердин тизмеси тынбай өзгөрүп жатат. Буга чейин УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев дагы мыйзам долбоорунун демилгечилирин катарынан чыкканын билдирген.

Депутаттын өкүлү «Клоопко» Ташиев мыйзам долбоорун окубай туруп кол коюп алганын айтып берген. Ал эми окуп, таанышып чыккандан кийин макул деп койгон колун артка кайтарып алууну чечкен. 

Мыйзамдан баш тарткан депутаттар

«Чет элдик тыңчы» жөнүндөгү чуулгандуу мыйзам долбоорунан биринчилерден болуп депутаттар Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Чойбеков баш тарткан. Кийинчерээк юрист Таттыбүбү Эргешбаева депутаттар Таалайбек Сабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев жана Лейла Лурова дагы мыйзам долбоорун колдоодон баш тартышканын билдирген.

Мындан тышкары, демилгечилердин курамынан депутат Шайлообек Атазов дагы чыккан

Бирок мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети 27-июнда карамак, бирок документ бир нече күн ичинде белгисиз себептерден улам күн тартибинен алынганы белгилүү болду.

Дагы бир депутат Карим Ханжеза «Азаттыкка» эгер мыйзам долбооруна өзүнүн сунуштары киргизилбесе документтен колун артка чакыртып аларын билдирген.

Чуулгандуу мыйзам долбоору

Майдын ортосунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга жана Жазык кодексине түзөтүүлөр коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорун парламенттин 30дан ашык депутаты демилгелеген.

Документке ылайык, Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн, ошондой эле коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдар жана алардын кызматкерлеринин тигил же бул бузуулары үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемдерди киргизүүнү каалашат. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын дээрлик баары жабылган.

«Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилеген. Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дагы бир депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзамга койгон колун чакыртып алды

«Чет элдик тыңчылар». Депутаттар Швейцарияда БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту ¯_(ツ)_/

Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?