Темировдун адвокаттары журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылышат

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун адвокаттары шаардык жана райондук соттордун өкүмдөрүнө даттанышты. Алардын чечимдери менен журналист өлкөдөн чыгарылган. Бул тууралуу 6-июлда Temirov Live командасынан билдиришти

«[Арызда] адвокаттар Замир Жоошев менен Бакыт Афтандил чечим мыйзамсыз экенин далилдеп, Болот Темировду толугу менен актап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда», — деп билдиришти журналисттер.  

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Болот Темиров Кыргызстандан 2022-жылдын ноябрында чыгарылган. Бул иликтөөчүлөр «2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!» аталышындагы иликтөөнү жарыялагандан бир жылдан кийин болгон. 

Темировду өлкөдөн чыгарууга Свердлов райондук сотунун чечими негиз болгон. Сот журналисттин паспортун жараксыз деп таап, жокко чыгаруу чечимин чыгарган. 

Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Темировду күч менен аэропортко алып барып, Москвага учкан учакка салып жиберишкен. Темиров өзү өлкөдөн чыгарылышын таптакыр мыйзамсыз деп келет.

Айрым парламент депутаттары, көзкарандысыз юристтер, медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар журналисттин өлкөдөн күч менен чыгарылганын айыптап, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Алар мындай аракеттерди Темировдун конституциялык укугун бузуу жана «чектен ашкан куугунтук» деп эсептешет. Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу чечими менен Конституцияны бузганын билдиришкен.  

Дагы окууңуз: «Сөз эркиндиги үчүн бирге күрөштүк». Сот Болот Темировго өкүм чыгарды