Жасалма диплом чыры: Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратты

Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжанов

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу БШКнын 6-июлдагы жыйынында белгилүү болду.

Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун ОшМУ жана Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан алган дипломдору мыйзам бузуулар менен берилген деген бүтүм чыгарган.

Министрдин орун басары Уланбек Үсөков БШК мүчөлөрүнө эки депутаттын дипломдору тең жокко чыгарылып, ЖОЖдор бул чечимди буга чейин эле колдогонун айтты.

Аны менен катар Үсөков, депутат Фархат Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырбаганын, анын бул окуу жайдан алган бакалавр жана магистрлик даражадагы эки диплому тең жараксыз деп табылганын билдирди.

Исмаиловго диплом берилбегенин Кыргыз Улуттук университетинен өткөн жылы эле тастыкташкан. Алардын маалыматына ылайык, Исмаилов 2006-жылдагы бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча студенттердин тизмесинде жок.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук университет: Депутат Фархат Исмаиловдун атына диплом берилген эмес

УКМК депутаттар Исмаилов менен Алимжановду жасалма диплом алууга шектеп жатат