Александр Крестинин Өзбекстандын «Бунёдкор» клубун жетектеди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандын «Бунёдкор» клубун жетектеди. Бул тууралуу коңшу өлкөдөгү эң ири Championat Asia спорттук басылмасы маалымдады.

«"Бунёдкор" сыяктуу өзүнүн салты жана баалуулуктары бар клубдун сунушун сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени мындай командада башкы машыктыруучу болуп иштөө ар бир адис үчүн сыймык. Ошондуктан биздин сүйлөшүүлөр көпкө созулган жок», — деди Крестинин.

Сүрөт: Championat Asia

Ошондой эле ал аталган клуб турнирдик тизмеде төмөнкү орунда экенин белгилеп, кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү керектигин кошумчалады.

«Команданын машыгуу базасы жана "Бунёдкордун" академиясы менен жакында эле тааныштым. Бардык эле клубда мындай шарт жок деп ишенимдүү айта алам. Демек, жыйынтык үчүн түзүлгөн шарттар оптималдуу болушу керек», — деди жаңы машыктыруучу.

Азыркы тапта Өзбекстанда жалпы 14 клуб бар. Ал эми «Бунёдкор» өзбек чемпионатында сегизинчи орунду ээлейт.

Крестинин деген ким?

44 жаштагы Александр Крестинин 2014-жылдан тартып Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын жетектеген. 2021-жылы Крестининди футбол боюнча Кыргызстандагы эң мыкты тренери деп табылган

Ал башкы машыктыруучу болгон жылдар ийгилик менен коштолгон. 2019-жылы команда Азия кубогунун 1/8 финалында ойногон. 2022-жылы курама экинчи жолу аталган турнирге жолдомо алган. 

Азия Кубогу — бул Азия континентиндеги улуттук курама командалар арасындагы эң барктуу турнир болуп саналат. 

2023-жылдын апрелинде Крестинин улуттук кураманын башкы машыктуруучусу кызматын тапшырган. Анда бул «Кыргыз футбол союзу менен Крестининдин өз ара чечими экени» айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти