Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө: Эреже бузгандар 230 миң сомдон ашык айыпка жыгылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 1-июндан 1-сентябрга чейин 18 тоннадан ашык оор жүк ташыган унаалардын жолго чыгуусуна чектөө киргизгенин эскертти.

Ага ылайык, министрликтин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы 1-июлдан 10-июлга чейин эреже бузган айдоочуларга 15 протокол түзүп, 230 миң сомдон ашык айыпка жыкты.

Транспорт министрлигинен жүк ташуучу унаалар эгер абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жолго чыга алышпасын эскертишти.

Мындай чечим жалпы колдонуудагы унаа жолдордун бүтүндүгүн камсыздоо, алардын пайдалануу мөөнөтүн көбөйтүү макстанда кабыл алынган.

Бул чектөөнүн жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардам, тез бузулуучу азык-түлүктөрдү, жүктөрдү, анын ичинде 18 тоннадан ашпаган оор жүктөрдү ташыган унааларга тиешеси жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жүк ташуучу унааларга 28 градустан жогору ысыкта жолго чыгууга тыюу салынды