Жасалма диплом чыры: Мандатынан ажыраган эки депутат БШКны сотко берди

Жогорку Кеңештин мандатынан ажыраган депутаты Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко кайрылды. Маалыматты «Клоопко» 11-июлда Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Исмаиловдун арызы боюнча соттук угуу 17-июль саат 16:00гө, ал эми Алимжановдун арызы боюнча соттук угуу 18-июль саат 14:30га белгиленди.

Эки депутаттын мандатынан ажыраганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Мындай чечимге алардын дипломдорунун жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы гана киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мурда талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жасалма диплом чыры: Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратты

«Диплом иши». БШК Орозайым Нарматованын каттоосун жана мандатын жокко чыгарды