Кадамжайда 14 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү боюнча шектүүлөрдүн бири өмүр бою абакта калды

14 жаштагы маркум Айдай Кочкорова. Сүрөт: Kloop

Баткен облустук соту Кадамжай районунда зордукталып өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын өлүмүнө айыпталгандардын бирин өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу облустук соттон «Клоопко» 12-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун чечими 4-июлда чыккан. Айыпталуучу 28-февралда Кадамжай райондук сотунун чечими боюнча мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ал эми «Адам өлтүрүү», «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер», «Адамды уурдоо» беренелеринин негизинде айыпталып, 10 жылга кесилген жашы жете элек Элдияр Бактияр уулунун кылмыш ишин кароо тараптардын өтүнүчү менен  4-августка калтырылды.

20-июнда зордукталып өлтүрүлгөн кыздын апасы Жумагүл Нурбаева тараптар соттук отурумду атайын создуктуруп жатканын айтып чыккан. Ал ишти аягына чейин көзөмөлгө алууну суранып, кайрадан президентке жана башкы прокурорго кайрылуу жасаган болчу.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда муунтуудан калган жиптин издери бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, «кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш» деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти «адилет тергеп берет» деп убадалаган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Ошол эле жылы 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында бул ишке шектүү эки киши каза болгон. Маркумдун жакындары алардын ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып, өз жандарын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Алар шектүүлөргө абакта басым көрсөтүлгөн деп эсептешип, бул окуяга «президенттин түздөн-түз күнөөсү бар» деп билдиришкен.

Кийин Оштогу тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизадан маркумдардын денесинде эски тактар чыкканы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аябай чарчадым». Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын апасы соттук ишти тездетүүнү өтүнүп президентке кайрылды

14 жашар кыздын өлүмү: Маркумдун апасы айыпталуучуларды актоо аракети болуп жатканына нааразы

Кадамжай: 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталгандардын бири 10 жылга, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылды

«Асынмак эмес». Окуучу кыздын өлүмүнө шектелгендердин жакындары алар суицидге бармак эмес дешүүдө