Айзаданын өлүмү: Милициянын экс-башчысы шалаакылык боюнча айыпты мойнуна албай жатат

Бишкек ШИИБдин шалаакылыкка айыпталган экс-башчысы Бакыт Матмусаев күнөөсүн толук мойнуна албай жатат, милициянын шалаакылыгынан улам Айзада Канатбекова киши колдуу болгон. Бул тууралуу 13-июлда адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.  

Токтакуновдун айтымында, Матмусаев күнөөсүн мойнуна албастыгын Биринчи май райондук соттун жыйынында билдирди, анда прокурордун айыбы угузулуп жаткан. 

«Күбө катары келген эки адам суракка алынды. Кийинки отурум 25-июлда саат 16:00дө болот. Келип колдоо көрсөтүп кетүүңүздөрдү өтүнөм, антпесеңер милициянын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү бүдөмүк боло баштады», — деп жазды адвокат Фейсбуктагы барагына. 

Дагы окуңуз: Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Матмусаевге шалаакылык боюнча айыпты 2023-жылдын апрелинде УКМКнын тергөөчүсү таккан.

Бакыт Матмусаев Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек ШИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулган. 2022-жылы февралда Матмусаев ички иштер органдарында ишин улантып жатканы белгилүү болгон. Ал укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалганы айтылган.

Мурдараак Бишкектин Биринчи май РИИБнин милиционерлеринин шалаакылыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргени да белгилүү — милициянын Канатбекованы издөөдөгү шалаакылыгы кыздын өлүмүнө алып келген.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, алар «ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар» деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

Уурдоодон эки күн өтүп, 7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөтүп, укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Сот Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.