Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон бардык чыгымдарды тарифке кошууну сунуштады

Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон тарифтерди аныктоонун жаңы ыкмасын сунуштады. Мекеме электр жарыгына тарифтерди эсептөөдө электр энергиясына кеткен бардык чыгымдарды эсепке кошууну каалап жатат. Тиешелүү токтом долбоорун министрлик 11-июлда коомдук талкууга чыгарды

Документтин маалымкат-негиздемесинде бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдары жабдууларды жана электр тармактарын тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон чыгымдардан бир топ төмөн экени айтылат.

Министрликтен учурда энергетика тармагында түзүлгөн кырдаал энергокомпаниялардын негизги жабдууларынын олуттуу бөлүгүн алмаштыруу жана реконструкциялоого каражаттарды тез арада салуунун зарылдыгын айкын көрсөтүп турарын белгилешти. 

«Өз кезегинде, электр энергиясына тарифтер каржылык инвестициялардын булагы болуп саналат. Өз кезегинде, финансылык салымдардын булагы электр энергиясына тарифтер болуп саналат. Мында бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда өздүк наркты аныктоонун жана тарифтерди түзүүнүн тармактык методикасы иштелип чыккан эмес, ал энергетика секторунун спецификасын, ошондой эле негизги фонддордун эскириши жана энергетика компанияларынын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу түзүлгөн кооптуу деңгээлге жакындаган оор абалды эске алмак», — деп айтылат документте.

Энергетика министрлиги билдиргендей, бул эсептөө электр энергиясын өндүрүү жана керектөөчүгө өткөрүп берүүгө кеткен бардык чыгымдарды толук эсепке алат. Токтом долбоору энергетикалык компаниялар жана акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди эсептөөгө бирдиктүү мамиле жасоону камсыздайт. 

Ошондой эле мекеме электр энергиясынын тарифине азыркы учурда ага кирбеген амортизацияны жана кирешелүүлүктү кошууну сунуштап жатат.

Бирок долбоордун маалымкат-негиздемесинде электр энергиясы үчүн тарифтер жогорулайбы же жокпу ачык айтылган эмес.

Буга чейин бийлик өлкөдөгү энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу үчүн тарифтерди жогорулатуунун зарылдыгын бир нече жолу айтып чыккан

Кыргызстанда 1-майдан тарта тургундар үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду тузгөн. Калктын аялуу катмары үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйын бойдон калган. Бийликтин пикиринде, бул жогорулатуу энергокомпаниялардын бюджетине кошумча 2,4 млрд сом алып келиши керек.