Ноокатта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 75 жаштагы аялдын уулу акыйкат издейт

Кадырали Бакиров жана анын маркум энеси. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Ноокат районундагы Ак-Булак айылынын тургуну Кадырали Бакиров 11-июлда «Акипресс Ошто» маалымат жыйын курду. Анда ал 75 жаштагы энесин мыкаачылык менен өлтүргөн кишини жазадан бошотуу аракети болуп жатат деп тынчсызданды.

Буга чейин, 26-апрелде, аталган айылда өрттөнгөн үйдүн жертөлөсүнөн киши колдуу болгон 75 жаштагы аялдын сөөгү табылган.  «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Бакиров кылмышка шектүү катары кошунасы кармалганын, окуя болгон күнү апасы аны менен уруша кеткенин билдирди. Ал Казакстанга миграцияга кеткенине 1,5 күн болгондо апасынын өлтүрүлгөнүн угуп артка кайткан.

«Мен өзүм көп жылдан бери Казакстанда мигрант болуп иштейм. Орозодо апамдын жанында болуп, аны дарылаткам. Апам чыйрак аял болчу. Өмүр бою тамеки талаада иштеп, бизди чоңойтту. Мен Орозо айтты өткөрүп эле Казакстанга иштегени кеткем. Казакстанга жеткениме 1,5 күн болгондо, апамдын каза болгонун угуп, кайра келдим. Мен кетерден 1 күн мурун шектүү кошунам менен учурашкам. Анда ал менин качан кетеримди сураган. Эртең кетем деп айткам. Көрсө ал менин жоктугумдан пайдаланып, ушул ишке барыптыр», — деди ал. 

Ноокаттын тургуну апасы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып кейиди. Ал учурда аны «психологиялык жактан жабыркайт» деп жазадан бошотуу аракети болуп жатканына нааразы болду. 

«Шектүү “Ооган окуясынын катышуучусу”, “психикалык жактан жабыркайт” деп Жалал-Абад облусундагы психикалык ооруканага жөнөткөнү жатышат. Менде бүт психикалык оорукананын корутундулары турат. Ал эч кандай психикалык жактан жабыркабайт. Буга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөп, пенсияга да чыккан», — деди ал.

Ал эми 14-июлда Ош ОИИБден «Клоопко» аталган иш боюнча тергөө амалдары уланып жатканын маалымдашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: Өрттөнгөн үйдүн жертөлөсүнөн 75 жаштагы аялдын сөөгү табылды