«Эки жарым айдан бери суу жок». Сокулуктун тургундары нааразылык акциясына чыгышты

Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суунун жоктугуна байланыштуу нааразычылык акциясын уюштурушту. 14-июль күнү кечинде 50гө чукул киши Бишкектин Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк бөлүгүнө чогулду.

Сүрөт: Максат Кутманбеков / «Азаттык»

Алар эки жарым айдан бери таза суусуз отурганын айтып, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертишти. «Азаттыктын» кабарчысы чогулгандар бир унааны талкалаганына күбө болгон. Видеодон тургундар жолдун бир бөлүгүн жабууга аракет кылганын көрүүгө болот.

«Тургундар эки жарым айдан бери суу берилбей кыйналып, жада калса өткөндө келип “суу маселеси чечилет” деп кеткен Акылбек Жапаровдун убадасы аткарылбай, күндүн какыраган ысыгында элди кыйнаган абалга калтырган өкмөткө нааразы. Бир эле президент менен УКМКанын төрагасы калды, акыркы үмүтбүз деп кайрылуу жолдоого аракет кылууда. Эми элдин үнү жетеби же бул мыкаачылык улана береби?» — деген нааразы болгондордун бири.

Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков учурда суу бөлүштүрүүчү жайда суу жок калганын билдирди. Ал эми Сокулуктун акими Илияз Ташкулов бул көйгөй он жылдан бери чечилбей келе жатканын белгиледи.

«Азаттык» чогулган эл менен «Бишкек сууканал» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Орозов жолукканын жазды. Ал Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилерин айтып, маселе эки жумада толук чечилет деп билдирген.

Буга чейин, Арча-Бешик конушунун тургундары таза суу жок экенин айтып, Түштүк магистралдагы жолду жабышкан. Анда Сокулук районунун Селекция жана Орок айылдарында да таза суу жок экени айтылган. Кийин жол ачылып, каттам жанданган.

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айдын ичинде чечилерин айтып, кийинки жылы маселе чыкпагыдай аракет жүрүп жатканын билдирген.

Мэриядан акыркы жылдарда калкты таза суу менен камсыздоо негизги маселе болуп жатканын белгилеп, бир адам үчүн суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өскөнүн билдирген. Суунун тартыштыгына мөңгүлөрдүн жай эриши да себеп болуп жатканы айтылган.

Кийинчерээк мэриядан «Көк-Жар» суу алгычында оңдоо иштери бүткөрүлүп, шаардын бардык бөлүгүнө анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт деп билдирген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арча-Бешик: Таза суунун жоктугунан улам тургундар жол тосуп, кийин каттам жанданды

«Бишкексууканал»: Арча-Бешикте суу тартыштыгынын маселеси чечилди