Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун тең төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов

Оштун экс-мэри Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун тең төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 14-июлда кол койду.

Ага ылайык, Мамбетов өнүктүрүү фондундагы бул кызматты үч жылга чейин аркалайт.

Фонд түзүү жөнүндө макулдашууга өткөн жылы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган.

Алмаз Мамбетов деген ким?

47 жаштагы Алмаз Мамбетов 2021-жылдын август айында президенттин сунушу менен Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, 2022-жылдын ноябрында кызматынан бошотулган.

Мамбетов ага чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп эмгектенген.

Ал Балыкчы шаарын жетектеп турганда коомчулукта сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган. Ал 2017-жылы Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен телефондон уруша кетип, аны «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан. Кийин Мамбетов «Өлтүрүү коркунучу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки миң сомдук айыпка жыгылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Спортчу жандоочуларым жок». Алмаз Мамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берди