Блогер Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

16-июлда Ош шаардык сотунда «Бейбаштыкка» шектелип кармалган блогер Улукбек Карыбек уулунун баш коргоо чарасы каралды. Ал эч жакка кетпөө тил каты менен сот залынан бошотулду.

Шаардык соттон «Клоопко» Карыбек уулунун милиция тарабынан кармалганы «мыйзамдуу» деп табылганын билдиришти. Отурум учурунда блогердин жакындары аны бошотууну талап кылып турушту.

Эми Карыбек уулу сотко чейинки өндүрүшкө жана териштирүүгө жолтоо болбоого, тегөөчү чакырган учурда маалында барууга тийиш болот.

Блогердин кармалышы

Блогерге «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камакка алынганы 15-июлда белгилүү болгон. Милициядан Карыбек уулу эки шериги менен облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө «санитардык норманы сактабай бастырып кирүү менен дарыгерлерге зыян бергенин» айтышкан.

Төрөтканага дээрлик 37 миң сомдой зыян келтирилгени жана дарыгерлердин кандай жаракат алганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгиленген.

Ал эми Карыбек уулу милиция кызматкерлери аны «бюртманын» негизинде кармашканын айткан. Блогер аны камакка алууга Оштогу төрөтканадагы «коррупция» тууралуу жарыялаган видеосу негиз болду деп эсептейт.

Ал буга саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Билим берүү министрлигинин «тиешеси бар» деген күмөн оюн билдирген.

Видео эмне жөнүндө?

12-июлда Улукбек Карыбек уулу өзүнүн ютуб-каналына «Ош облустук оңолбос төрөт үйү» деген видео жарыялаган. Анда төрөтканадагы шарттар жана дарыгерлердин кош бойлуу аялдардан акча талап кылганы тууралуу айтылат.

Видеодон төрөткананын кызматкерлери «бейтаптардын коопсуздугу үчүн мекемеге кирүүгө болбойт» деп каршы чыгып, камерага кол салганын көрүүгө болот.

Блогер төрткананын имаратына киргенге чейин сырттагы бир нече бейтап менен маек курган. Алардын көпчүлүгү төрөт үйүндө «коррупция күч экенин» айтып беришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Улукбек Карыбек уулу милиция аны «буюртманын» негизинде кармаганын айтты

Блогер Улукбек Карыбек уулуна «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, 48 саатка камалды