Сокулуктагы окуучулар кабылган жол кырсыгы: Комада жаткан бала өзүнө келди

Сокулуктагы мектепке бара жатканда Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда кырсыкка кабылып, комада жаткан бала өзүнө келди. Бул тууралуу 6-майда «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Министрликтин басма сөз кызматынан учурда баланын абалы туруктуу деп бааланып жатканын белгилешти.

Ал эми Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов окуучу жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын билдирди.

Мамановдун айтымында, баланын астынкы жаагына операция жасалган, кийинки жумада жоон санына операция жасалары күтүлүүдө. Жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн калган балдар үйлөрүнө чыгарылган.

20-апрелде Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү мектеп-лицейдин окуучуларын ташыган автобус жол кырсыгына кабылган. Анда мектеп автобусу GoBus кичи автобусу менен кагышканы айтылган. Ооруканага жалпы 27 бала кайрылган.

Бул боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголгон.

Кийин кырсыктаган балдар Сокулуктагы Лесное айылынын окуучулары экени белгилүү болгон. Алар айылда мектеп жок болгондуктан кошуна айылга барып-келип окууга аргасыз.

Лесное айлынын тургундары мектеп куруп берүүнү суранып президентке кайрылышкан. Аталган маселе парламентте да көтөрүлгөн.