Бишкек: «Октябрь» кинотеатры жабылып, имараты Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди

Бишкектеги «Октябрь» кинотеатры жабылып, имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 19-июлда «Клоопко» театрдын адабий бөлүм башчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Анын айтымында, маданият министрлигинин демилгеси менен 18-июлда Кинематография департаменти менен театрдын жетекчилери имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койду.

Жакында имараттын сахнасын кеңейтүү, жасалгалоо, көрүүчүлөр залында кайра куруу иштери башталат.

Чүй облустук театрынын 30 жылдан ашык тарыхы бар. Бирок театрдын өзүк имараты жок болгондуктан, көп жыл бою ар кайсы жерде иш алып барган. Акыркы жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын имаратына жайгаштырылып, спектаклдерин орус драм театрына, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына коюуга аргасыз болушчу.

Кинотеатрдын айланасындагы чыр

Буга чейин кинотеатрдын директору Ырыс Жоомартова Кинематография департаментинин жетекчиси Мукталы Бектеналиевдин сунушу менен имаратты ижарага алып, өз каражатына оңдотуп жатканын айтып чыккан.

Ал маданият министри имаратты Чүй театрына бергени жатканын айтып нааразы болгон. Жоомартова президент менен министрден кинотеатрды жойбой, оңдоп-түзөөгө мүмкүндүк берүүсүн өтүнгөн.

«Келгенимде кинотеатрдын абалына сөз жетпейт — үстүнөн суу куюлуп, чатырынын эскилиги жеткен, ичинде да, сыртында да ремонт жок, кино койгонго аппаратуралар жок. Мен арендага алууга макул болуп, чоң суммада кредит алып оңдоп баштадым, ошондо да жаап салбастан, кичинекей залга 1-2 кишиге кино коюп, жаш өсүп келе жаткан режиссёрлорубузду колдоп, кинолорун токтотпостон көрсөтүп, ага утурлай ремонт иштерин да жасап жаттык. Балээнин баары жаркыратып жасап койгондон кийин башталды», — деген ал.

«Октябрь» — 1957-жылы ачылган Кыргызстандагы эң алгачкы чоң экрандуу кинотеатрлардын бири. Негизги залы 500 кишиге, ал эми «Хроника» залы 120 адамга ылайыкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Оңдоп-түзөөдөн өткөн Бабур драма театрынын ачылышы болуп өттү

Бир кадр менен: Кыргыз драма театрына Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту коюлду