Таза суу боюнча кармалгандардын соттук чечими процесс баштала электе белгилүү болгону аныкталды

«Азаттык» үналгысы таза суунун жоктугунан нааразылык акциясына чыгып, эки айга камалган эки кишинин сотунун чечими процесс баштала электе белгилүү болгонун аныктады.

17-июлда Сокулук райондук соту таза суу талап кылынган акциядан кийин кармалган блогер Эртай Искаков менен Бакыт Балбаев, Бактыбек Бекболотовдордун бөгөт чарасын катары менен карап, аларды эки айга камаган.

Искаковдун бөгөт чарасы каралгандан кийин, түнкү саат 12ден өтүп гана Балбаев менен Бекболотовду камакка алуу чечими чыккан.

Анткен менен, 100дөн ашык журналист отурган Жогорку соттун WhatsApp тайпасына саат 22:22де эле соттун чечими боюнча маалымат келген. Аны Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов тараткан.

«Байгазиновдун расмий маалыматына таянып айрым сайттар жаңылык жазып чыкты. Бирок бул маалда чечим чыкканды мындай кой, сот баштала элек болчу. Бул жаңылык соттун башталышын күтүп аткан айыпталуучулар менен алардын адвокатынын маанайын түшүрүп койду», — деп жазды басылма.

Соттук процессти жеринен чагылдырган «Азаттыктын» журналисти билдирүү келгени тууралуу айыпталуучулардын жактоочусу Агзам Дүйшөналиевге кабарлаган. Ал учурда соттук процесс баштала элек болчу.

Ал эми процесс бүтүп, чечим окулган соң жактоочу «чечимиңиз эки саат мурун эле интернетте жүрөт го» деп судьяны сындаган.

Адвокат чечим мыйзамсыз экенин айтып, бул боюнча тиешелүү арыз жазарын билдирди.

Ал эми сот чечимин алдын ала тараткан Чүй облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов «маалыматты Сокулук райондук сотунан саат он жарымдарда алганын, райондук соттон кандай маалымат берилсе эч өзгөртпөстөн тайпага жибергенин» айткан.

Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суунун жоктугунан улам Түштүк магистралда 14-июлда акция уюштурушкан. Анда жашоочулардын жол тоскону да кабарланган.

Эртеси күнү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акцияга катышкандардын айрымдарын милиция кармап кеткенин айтып, нааразы болгон.

Сокулук РИИБнен бул боюнча «Жолдорду мыйзамсыз тосуу» жана «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, блогер Эртай Искаков жана эки тургун кармалганын тастыкташкан. Милициядан «жолду жабуу атайын уюштурулган» деп белгилешкен.

Андан тышкары акцияга чыккан Селекция айылынын тургундары милицияга суракка чакырылып жатканы кабарланган.

Кийин Селекция айылына жана Сары-Өзөн, Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.

Ал эми Сокулук райондук соту акциядан кийин кармалгандарды 15-сентябрга чейин ТИЗО-1ге камакка алган.

Башкы беттеги коллаж: «Азаттык»

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот таза суунун жоктугунан улам акцияга чыккан үч кишини эки айга камакка алды

«Эки жарым айдан бери суу жок». Сокулуктун тургундары нааразылык акциясына чыгышты