УКМК: Бишкекте 17 миңге жакын бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды

Бишкектеги жана Чүй облусундагы бир нече даректерден 16 миң 700 бөтөлкө жасалма спирт ичимдиктер табылды. Бул тууралуу 19-июлда «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 700 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер жана 350 литр этил спирти табылган. Андан сырткары 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар да болгон.

«Мындай мыйзамсыз колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн продукциялар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет. Мындан тышкары жашыруун өндүрүү, салык төлөмдөрүнөн качуу да экономикага олуттуу зыян келтирүүдө», — деп белгиленет атайын кызматтын маалыматында.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Ички иштер министрлиги «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводун тинтүүгө алып, 264 тонна мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик тапкан.

Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынган. Ошондой эле ИИМ дагы 118 даректе тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Ал эми ага чейин, 14-апрелде президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, буга ишкана миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, контрабанда жолу менен наркы 40 миллион сомдон ашык 275 тонна спирт менен кармалганы негиз болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ «Аю» компаниясынын заводдорун тинтүүгө алып, мыйзамсыз өндүрүлгөн 260 тонна спирт тапты