Жапаров Тажикстан менен Өзбекстандын чек арадагы облус башчылары менен жолукту

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Тажикстандын Согд облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу 18-июлда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Жапаров президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, аймактар аралык кызматташтыктын жана «чек ара аймактарында тынчтык жана туруктуулукту бекемдөө» үчүн мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, минкабдын башчысы Кыргызстан кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык тармагы боюнча ачык диалогго даяр экенин билдирди.

«Бул контекстте биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын аймактарын өз ара ишенимдин негизинде делимитация жана демаркация иштерин тезирээк аягына чыгаруу маанилүү болуп эсептелет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара маселелерин биротоло чечүү мындан аркы боордоштук мамилелерди бекемдөө иштерине, Борбор-Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп терең ишенем», — деди Жапаров.

2023-жылдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстан Өзбекстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктаганын билдирген. Сүйлөшүүлөр учурунда эки өлкөнүн президенти Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Ал эми Тажикстан менен чек ара маселеси ачык бойдон калууда. 2023-жылдын 14-январында президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын 625 чакырымы же 63%ы такталганын билдиришкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары аныктала электиктен чек арага жакын аймактарда утур-утур жаңжалдар чыгып турат — көбүнесе жер, суу талаш жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүүлөрдөн улам.

Акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон. Куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.

Автору: Медина Шамшидинова.