ЖМК:Орус-украин согушуна катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Орусиядан жардам сурады

Сүрөт: Аскар Кубанычбек уулунун өздүк архивинен

19-июлда Орусиянын Russia Today басылмасы Украинадагы согушка катышканы үчүн 10 жылга соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу менен курган маегин жарыялады. Анда кыргызстандык орус бийлигинен жарандык алууга жардам сураганы айтылат.

Кубанычбек уулу өзүн орусиялык деп эсептей турганын жана Украинадагы «атайын согуштук операцияга» өз ыктыяры менен катышканын билдирген.

«Дронду башкарганды билген ыктыярчылар жетишпей жатканын билгенде барсамы деп ойлодум. Украин тараптын акыркы сегиз жылдагы кылган кылыктарын жакшы билем, көкөйүмө көк таштай тийген. Бандеровчулар менен батыш режимине сын көз караш менен мамиле кылам — эмнелерди гана кылышкан жок», — деген ал.

Кубанычбек уулу ноябрда агасынан атасы ооруп жатканын укканда Кыргызстанга келгенин, Жаңы жылдан кийин аны кармап кетишкенин белгилеген.

«Атам алдыңкы катарда согушка кеткенимди билчү: кетээрде батасын берген. [...] Кармалгандан кийин көпкө чейин суракка алышты: кандай адамдар менен сүйлөшкөнүмдү сурашты, Украинадагы абалга кандай көз карашта экениме кызыгышты. Ал жакка ким менен, эмне максатта барганымды сурашты. Ал жакка мени эч ким тарткан жок, өз ыктыярым менен бардым деп жооп бердим», — деген ал.

Ошондой эле Кубанычбек уулу азыркы учурда өзү жана үй-бүлөсү оор абалда экенин айтып, Орусиядан жарандык алууга жардам берүүнү суранган.

«Сотто максатым Орусия тарапта согушуу жана орус жарандыгын алып, Орусияда калуу экенин айттым. Азыр менин ишимди мисал катары көрсөткүсү келип жатышат — Кыргызстан өз жарандарына атайын аскердик операцияга катышууга тыюу салат деген көрсөткүч үчүн», — деген ал.

Орусиянын депутаты эмне дейт?

«Атайын аскердик оперцияга» катышкан кыргызстандык «кыйын абалда турганын» Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Мария Бутина дагы айтып чыккан. Ал Кубанычбек уулуна орус жарандыгын берүү керек деп эсептейт. 

«Аскар чет өлкөлүк жаран болгондуктан, биздин кийлигишүүбүз эл аралык мыйзам ченемдеринен аша чапкандык катары эсептелет. Буга байланыштуу мага Аскардан кайрылуу түштү — ал Орусия Федерациясынын жараны болгусу келерин жазды. Тышкы иштер министрлигине да кайрылган. Албетте, биз мындай каалоону колдойбуз, бирок мындай суроолор бир топ татаал – айрыкча анын кайда болгонун эске алганда. Ошентсе да, бүгүнкү күндө бул эң реалдуу жол», — деген ал.

Кубанычбек уулунун соттолушу

Орусиянын катарында Украинага каршы согушкан кыргызстандык үстүбүздөгү жылдын январында кармалып, майдын ортосунда 10 жылга эркинен ажыратылган.

Сот аны «Жалдануучулук» беренесинин «Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу» бөлүмү менен соттогон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2022-жылдын июнунда Орусиянын куралдуу тобунун катарына кошулуп, чалгындоо операцияларына катышып, фронттун алдыңкы катарында миномёттук орнотмолорду жана ок-дарыларды камсыздап иштеп жүргөн.

Айыпталуучу өзү сотто күнөөсүн мойнуна албаганы маалым болгон. Анын айтымында, ал аскер кызматына орус паспортун алуу үчүн барган. Ал кызмат өтөгөн 5 ай ичинде аскердик аракеттерге катышпай эле аскердик комиссариатта болгонун айткан.

Орусия учурда Украина менен согушуп жатат, ал жакка орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында кол салган. 

БУУнун 2023-жылдын 5-июнуна карата маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салып киргенден бери эң аз дегенде 9000 миңден жай тургун каза таап, 15 миңден ашыгы жабыркаган. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.

Кыргызстандын атайын кызматы кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылыштарга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Украинадагы согуштан 23 жаштагы теги кыргызстандык Байжигит Юсупбаевдин сөөгү келди

«Азаттык»: Украинага «Вагнер» аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандыктын сөөгү келди