Бишкек — Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ВИП вагон ташый баштайт

21-июлдан баштап Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу ВИП вагон каттап баштайт. Бул тууралуу 19-июлда «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.

Маалыматка ылайык, ВИП вагонго билеттерди темир жол бекетинин кассасынан сатып алса болот. Билет баасы: чоңдор үчүн — 800 сом, балдар үчүн — 400 сом. Билеттер тууралуу сурап-билүү телефону — 0312300209.

Поезд «Бишкек–2» темир жол бекетинен саат 07:40та чыгып, «Балыкчы» бекетине саат 11:46да жетип барат. Ал эми Балыкчы — Бишкек каттамы «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де чыгып, «Бишкек–2» темир жол бекетине саат 21:54тө келет.

Темир жол бекетинин маалыматына караганда, 21–июлдан 23–июлга чейинки күндөргө Бишкек — Балыкчы багыты боюнча ВИП вагонго билеттер калган жок.

«Кыргыз темир жолунан» ВИП вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыгып, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун структуралык бөлүгү бекемделгенин белгилешти.

«Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт», — деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ВИП классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана Wi-Fi орнотулган.
Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч дагы бар.

Быйыл Бишкек — Балыкчы багыты боюнча алгачкы жүргүнчү поезди 16–июнда ишке кирген. Поезддин курамындагы 7 вагонго 185 жүргүнчү түшкөн. Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек — Балыкчы» поезди 31-августка чейин күнүгө каттап турат деп кабарланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттап баштайт

«Кыргыз темир жолу»: Бишкектен Орусияга поезддер июндан тартып каттай баштайт