Баткенде адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулду

Иллюстративдик сүрөт

Баткен шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жана шаардын сыртындагы 8 көчөгө 11 видео байкоочу камера орнотулду. Бул тууралуу 21-июлда Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11 камеранын 2си адам жүзүн аныктай алат. Ал эми 6 видеокамера коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо максатында орнотулган. 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 5,5 млн сомго коопсуздук багытындагы жана адамдын жүзүн тааныган видеокамералар орнотулары кабарланган

Адамдын жүзүн аныктоочу 22 даана камера шаарда эл жыш топтолгон жерлерге коюлары айтылган. Бул иш-чара облустук милициянын сунушу менен шаардык бийлик тарабынан аткарылат.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында адамды жүзүнөн тааный турган камералар 2019-жылы коюла баштаган. 

ИИМдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республикада 2141ден ашык камера иштейт. Криминогендик кырдаалга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан күнү-түнү үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат.

Былтыр сентябрдан тарта мекеме сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо тутумун тесттик режимде ишке киргизген. ИИМден сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен республиканын аймагында 163 адам табылганын, анын ичинен: издөөдө жүргөн 137 адам жана дайынсыз жоголгон 27 адам аныкталганын билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда 5,5 млн сомго адамдын жүзүн аныктоочу видеокамералар орнотулат

Биринчи май районунда адамдын жүзүн аныктоочу функциясы бар жүздөн ашык камера орнотулат