Москва: Мечиттерде рейд жүргүзүүгө каршы болгон мусулмандар митинг уюштурушту

21-июлда Орусиянын Москва шаарында күч органдарынын мечиттерде рейд жүргүзгөнүнө каршы болгон мусулмандар митинг уюштурушту. Социалдык тармактарда жеринен тартылган видеолор жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чогулгандар полиция кызматкерлеринин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо шылтоосу менен мечиттерге кирип барып, намазды үзгүлтүккө учуратып, орой мамиле кылып жатышканына нааразы.

Мусулмандар Жума намазынан кийин акция уюштурушканы кабарланды. Соцтүйүндөгү видодон жүздөгөн киши «Аллаху Акбар» (Алла улук) деп кыйкырып, Москванын көчөлөрүн аралап бара жатышканын көрүүгө болот.

Ал эми полиция кызматкерлери окуяга байкоо жүргүзүп, мечиттерде жана анын айланасында коопсуздукту күчөткөнү айтылды.

«Нелегал-2023» операциясы

20-июлда орус бийлиги борбор азиялык мигранттарга карата жүргүзүлгөн масштабдуу «Нелегал-2023» операциясынын жыйынтыгын чыгарган. Текшерүү 19-июндан 25-июнга чейин бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлгөнү, натыйжада жети миңдей киши Орусиядан чыгарылганы кабарланган.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына ылайык, «Нелегал» операциясынан кийин Москвадан 130 кыргызстандык депортацияланган.

Бирок мигранттардын айтымында, операция бүткөнүнө карабастан текшерүү жана кармоолор бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Күч органдары мигранттарды, парк, кафе жана көчөлөрдөн тосуп алып текшерип жатышат. Алар 7-июлда Котельники шаарында жана 14-июлда Дзержинск шаарында жума намазды үзгүлтүккө учуратышкан.

Күч органдарынын мындай аракетин Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы, ошондой эле Дагестан менен Чеченстандын башчылары Сергей Меликов жана Рамзан Кадыров айыптап чыгышкан.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Ал эми жалпысынан, Кыргызстандын жарандарынын 1,1 миллиондон ашыгы эмгек миграциясында.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Нелегал» операциясы: Орусия бийлиги 130 кыргызстандыкты депортация кылды

Видео: Орусияда борбор азиялык мигранттарга каршы рейддер жүрүп жатат