«Эки эсе арзан». Транспорт министри жол белгилери Кыргызстанда жасала баштаганын билдирди

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кыргызстанда жол белгилери жасалып баштаганын билдирди. Бул тууралуу ал Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында айтты.

Текебаев өлкөдө жол белгилерин өндүрүү «чет мамлекеттен сатып алганга карганада, дээрлик эки эсеге арзан» экенин белгиледи.

«Быйыл Орусиядан төрт миллион сомго жол белгилерин чыгаруучу жабдык сатып алып, жол белгилерин өзүбүздөн чыгарып баштадык. Натыйжада бир жол белгисинин баасы 2900 сомго түштү, мурда 5000 миң сомдон жогору баада сатып алынчу. Буга чейин 3 миңден ашык жол белгиси чыгарылды», — деди министр.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Транспорт министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбордо күнүнө 200дөй жол белгисин чыгарган ишкана ачылганы кабарланган. Анда белгилерди 7-10 жылга чейин пайдаланууга болору айтылган.

Кыргызстанда жыл сайын адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы миңдеп катталат. Алардын бир себеби өлкөдө жол белгилеринин жетишсиздиги жана туура эмес орнотулушу экени айтылып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бюджетке жыл башынан бери жол эрежесин бузгандардан 241,3 млн сом түштү