Бюджетке жыл башынан бери жол эрежесин бузгандардан 241,3 млн сом түштү

Өлкөдө жыл башынан бери жол эрежелерин бузган айдоочулардан 241 млн 310 миң 765 сом айып пул түштү. Бул тууралуу 19-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6 айда жол эрежесин 486 миң 83 айдоочу бузган. Анын 188 миң 799у жол белгилерине баш ийген эмес, 137 миң 612 айдоочу коопсуздук курун тагынбай, 71 миң 172 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган. Дагы 5440 адам мас абалында, 4 миң 910 киши документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 1696 айдоочу терезесин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн айып төлөп, 206 айдоочу автоээнбаштыкка айыпталган.

Ал эми дагы 76 миң 248 айдоочу ар кандай эрежелерди бузган. 37 миң 764 унаа убактылуу короо жайына токтотулган. 

Жалпысынан алардан мамлекеттик бюджетке 241 млн 310 миң 765 сом түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул учурдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 38 млн 647 миң 865 сомго көп.

Буга чейин, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыларын билдирген.

Мындан сырткары, эреже бузган айдоочулардын айып пул өлчөмү өзгөртүлгөн. Анда, айдоочулук күбөлүгү жок айдагандарга мурда 5500 сом болсо, кийин 15 миң, карама-каршы тилкеге өтүү 15 миң, жасалма номер менен транспорт башкаруу 20 миң сомго көтөрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Кайгуул милициясы: Үч айда жол эрежесин бузган айдоочулар 119 млн сомдон ашык айыпка жыгылды

Кайгуул милициясы: Айыптын өлчөмү көбөйгөндөн кийин, мас абалда унаа айдагандардын саны азайды