Futsal Cup 2023: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасына бир гол айырма менен утулду

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы

23-июлда Тажикстанда Борбор Азия футбол ассоциациясынын Futsal Cup 2023 эл аралык турниринин алгачкы беттеши өттү. Анда Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Ооганстандын командасына 4:5 эсебинде жеңилди.

Оюнда кыргыз курамасы үчүн эки голду Таалайбеков Данияр киргизсе, үчүнчү голду Шохрух Махмадаминов, төртүнчүсүн Мухамед Аскарбеков киргизди.

Эл аралык турнир 23-30-июль күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Мелдешке Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандын курама командалары катышып жатат.

Кыргыз курамасынын кийинки оюну эртең, 24-июлда болот — анда футболчулар Ирандын курамасы менен беттешет.

Буга чейин, 10-июнда Борбор Азия футбол ассоциациясынын «Улуттар Кубогу-2023» эл аралык мелдеши өткөн. Тайпалык оюндарда Кыргызстандын Ооганстанды 1:0 эсебинде жеңип, бирок Иранга 1:5 эсебинде жеңилген. Ал эми 3-орунга болгон беттеште Оманга 0:1 эсебинде жеңилип, 4-орунга татыган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Футбол: Кыргыз курамасы Ооганстандын командасын жеңди