Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында 12 медаль багындырышты

Кыргызстандык балбандар Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында 20 жашка чейинкилер арасындагы мелдеште жалпы 4 күмүш жана 8 коло утушту. Бул тууралуу 24-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек (57 кг), Акылбек Урматов (61 кг), Аден Сакыбаев (65 кг) коло байге алышкан. 

Грек-рим күрөшү боюнча күч сынашкан Акыл Сулайманов (60 кг), Алибек Бердиев(77 кг), Ырысбек Калиев (82 кг) күмүш медаль алышса, Азамат Камилжан уулу (55 кг), Баяман Каримов (63 кг), Абдулазиз Аскарбеков (72 кг), Жениш Жумабеков (87 кг), Исамил Гасанов (130 кг) коло медаль тагынышкан. 

Ал эми, кыз-келиндер күрөшү боюнча Гулнура Таштанбекова (68 кг) күмүш медаль алган.

Буга чейин ушул чемпионатта 15 жашка чейинки балбандар арасында да мелдештер болуп өткөн. Анда Кыргызстандын кыздар курамасы эки күмүш, үч коло утуп, командалык эсепте 3-орунду камсыздаган.

15 жашка чейинки эркин күрөш боюнча улуттук курама бир алтын, 3 коло медалга ээ болушкан.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар алты медалга ээ болгон. Эки алтын, эки күмүш, эки коло байге менен грек-рим курамасы дагы командалык эсепте 3-орунга татыган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 8 медаль утушту

Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча 4 медаль утушту

Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча 4 медаль утушту