ИИМ: Төрт айда мас абалда унаа башкарган 1800 айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

Үстүбүздөгү жылы 8-марттн 25-июлга чейинки аралыкта 1 800дөн ашык киши мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу 25-июлда милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«8-марттан тартып мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошонун негизинде мас абалда унаа башкаргандардын саны 17%га азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жатканы байкалууда», — дешти ИИМден.

Жол кайгуул милициясынан мындан ары да айдоочулардын мас абалда унаа башкаруусуна жол бербөө максатында рейд уюштуруларын кошумчалашты.

Буга чейин жыл башынан бери жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдан мамлекеттик бюджетке 241 миллиондон ашык киреше түшкөнү кабарланган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 8-марттан тарта мас абалда унаа башкарган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратыларын билдирген.

Мындан сырткары, эреже бузган айдоочулардын айып пул өлчөмү өзгөртүлгөн. Анда, айдоочулук күбөлүгү жок айдагандарга мурда 5500 сом болсо, кийин 15 миң, карама-каршы тилкеге өтүү 15 миң, жасалма номер менен транспорт башкаруу 20 миң сомго көтөрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бюджетке жыл башынан бери жол эрежесин бузгандардан 241,3 млн сом түштү

Блогер Улукбек Карыбек уулу жол эрежесин бузганы үчүн 13 500 сом айыпка жыгылды