«Жаңы автобустардын келишине даярдык». Бишкек шаардык мэриясы 300 эски автобусту сатты

Бишкек шаардык мэриясы «Жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасындагы» «Ясин» үлгүсүндөгү 300 эски автобусту сатты. Бул тууралуу 24-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ишканада газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдык көрүлүп жататканы айтылды. Ага ылайык, эски автобустардын 90%ы чыгарылып, сатылган автобустардан калган таштандылар тазаланып жатат.

«Коомдук унаалар токтоочу жай таштандыдан тазалангандан кийин асфальт төшөлүп, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт», — деп белгилешти мэриядан.

Ошондой эле Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Мэрия ал жерди бузуп, ишкананын аймагын 1,7 гектарга кеңейтүүнү пландап жатат.

Ал эми ишкананын жумушчулары жана автобустарды оңдогон кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери быйылкы жылдын аягына чейин бүткөрүлөрү белгиленди.  

Буга чейин, президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына борбор калаадагы жараксыз автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну тапшырган. Кийин мэриядан эски автобутарды сатууну көздөп жатышканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Президент Бишкек мэриясына жараксыз автобустарды металлоломго чыгарууну тапшырды

«Тазалыктын» жетекчиси жараксыз техникаларды темирге өткөрүп, ордуна жаңысын алууну көздөөдө