Ошто мурдагы күйөөсү бычактап кеткен аял акыйкат издейт

Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну, беш баланын энеси Гүлбахар Имарова 3-майда мурдагы күйөөсү Алмаз Каримов балдарынын көзүнчө бычактап качып кеткенин айтып чыкты. Он жеринен бычакталган аял Каримов психикалык ооруканадан жоопкерчиликтен качуу максатында «аффект абалында болгон» деген корутунду даярдатып алганына нааразы болууда.

Ал эми Ош облустук сотунан «Клоопко» 20-июлда аталган кылмыш иш облустук милиция тарабынан тергелип, соттук кароого келип түшкөнүн билдиришти.

Окуя тууралуу

Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Гүлбахар Имарова 3-майда мурдагы күйөөсү тарабынан балдарынын көзүнчө бычакталып, он жеринен жаракат алган. Беш баланын энеси «ОшТВ» телеканалына маек берип, мурдагы күйөөсү ага чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтты.

Имарованын айтымында, ал жолдошу менен 2015-жылы баш кошуп, үч балалуу болгон. Алар Орусияда жашап, бирок беш жылдан кийин күйөөсүнүн кордугуна чыдабай, балдары менен Кыргызстанга качып келген. 

«Көп кордоп келген. Мен эми ушул менен турмуш куруп, жашап кетейин деген максатта жашап келдим эле. Үчүнчү кызым төрөлгөндөн кийин зордук-зомбулугу күчөй баштады. Үч бала менен үйдөн чыга албайм да, иштен келип үйдө ичип алып, болор-болбос нерсеге уруш күчөй берди. Үч жыл мурун ур-токмоктун айынан экөөбүз айтышып кетип, ал мага талак берип койду. Кийин бир жуманын ичинде ага айтпай, Москвадан үч баламды алып качып келгем», — деди Имарова.

Жабырлануучунун айтымында, жолдошу аны кош бойлуу учурунда да кордоп, «мени менен чогуу жашабасаң өлтүрүп кетем» деп коркутуп жүргөн.

Имарова бычакталганда кан көп кетип, кошуналарынын жардамы менен аман калганын айтат. Ал учурда жолдошу психикалык ооруканадан жоопкерчиликтен качуу максатында «аффект абалында болгон» деген корутунду даярдатып алганына нааразы болууда.

«Ошентип биз үч жыл чогуу жашабай калдык. “Балдарымды көрсөт” деп былтыр бир жолу келип, ушундай ур-токмокту көрсөтүп кеткен. Анда өзүнүн баласын уурдатып милицияга түшүп, акча берип, жактоочу жалдап кутулуп кеткен. [...] Бычакты үйдүн ичинде уктап жаткан учурда сайды. Ал “мен балдарымды көргөнү барганда мага бакырып-кыйкырды” деп көрсөтмө берип жатат, бул туура эмес. Өзү келип, бычак сайып, “аффект абалына” чыгып алганына үчүн ушунчалык нааразымын», — деп билдирди жабырлануучу.

Бул факт боюнча Ош ОИИБи кылмыш ишин козгоп, шектүүнү эки айга камакка алган. Учурда иш соттук кароого келип түшкөнүн Ош облсотунан «Клоопко» 20-июлда билдиришти.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. 2022-жылы эле Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулуктар тууралуу билдирүүдөн тайсалдашаарын айткан.

Эгерде зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Авторлошу: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз