Аксы районунда чек арадан малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда чек аранын такталбаган тилкеси аркылуу малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган тургундар кармалды. Бул тууралуу 26-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта, шектүүлөр чек арачылардын талабына баш ийбей, кол салууга аракет кылганы айтылат. Мындан улам аларга эскертүү иретинде асманга ок атылды. 

Атайын кызматтан бул фактылар боюнча «Экономикалык контрабанда», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук көрсөтүү» беренелери менен кылмыш иши козголуп, беш адам кармалганын белгилешти. 

Ушул тапта аткезчиликке шектелген беш киши УКМКнын Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын май айында Чек ара кызматынын жана Аксы РИИБнин жооптуу кызматкерлери аткезчиликке колдоо көрсөтүүгө шектелип кармалган болчу

Анда атайын кызматтан Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары, уурдалган малды Өзбекстанга өткөрүү аракети көбөйгөнүнөн улам Чек ара кызматы жана Аксы райондук милициянын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды

Аксы: РИИБдин жана Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери аткезчиликти колдоого шектелүүдө